Menu

Көпчүлүктүн таразасындагы Абдылдаевдерге саресеп салалы

Бөлүшүү:

Мыктыбектин ысымы аталганда түз пикирдеги ой-жоорулар басымдуулук кылат. Алты он жылдык өмүрүн кагаз бүктөмүндө калтырган эл өкүлүнүн дале болсо бир койчолук алы бар экендигинде талаш жок. Кеткен, келген бардык падышалардын мезгилинде ат күлүгүн минип, жарышта жорго салдырган “чабандести” ийгиликтер коштоп келатканы жөн жерден эмес. Анткени кайсыл жерден кантип буйтап кетүүнү, кырдаалга жараша чыкыйга бара мык кага салууну, көңүлдү жубатууну биротоло өздөштүрүп алган жайы бар. Бүгүнкү күндө деле сыйдын үстүндө болуп, учаны кош колдоп уучтап, оозунан чыккан кеби дарегине туптуура жетүүдө. Көрсө саясаттын чукул бурулуштарынан кыйгап өтө алгандар ээрден жылмышпайт турбайбы.

Эрлан деген мырзанын көктө сыбызгып учкан кушу далай ирет олжолуу кайтты. Алты жыл боюу тышкы иштер министрлигин чеңгелдеп далай падышалардын, өкмөт башчылардын, министрлердин колун кысып, жылуу пикир жаратууга жетишти. Мурдагы калыбында эле арабасын кылдыратып жүрө бермек, эгерде капыстан соккон “шамалдын” илеби катуу болбосо, же катардагы элчинин компроматтарынын дараметинин күчтүүлүгү сезилбесе. Айтор, жылуу орунтугунан сыртка тебилди. Дагы жакшы сыйы менен кетиришти. Болбосо башкаларга окшотуп күңүрт эшиктерди ачтырып, сурактарга сүйрөсө эмне болмок? Ошентсе да министрликте оңбогондой тескери учкан жагалмайлар бар экени билинип калды.

Арстанбектин деле даңазасы эбак журтчулукка угулган. Кайсыл шайлоо болсо да ат тезегин кургатпай шаңыраңдап жетип келет. Тилекке каршы шайлоочулар тарабынан колдоого алынбай миллион сому самандай чачылып кете берет. Ага деле кабагым-кашым дебестен өз ишин улантканына дем бербесек болбой калат. Негизи жеңилгенди да көтөрө билүү эрдик эмеспи? Кийинки учурда ал өзүнүн көкүрөгүндөгү коргошундай уюган акыл-насааттарын, көктөн алган аяндарын элге кеңири жеткирүүгө дилин төшөп жатканы жакшы жөрөлгө. Алыбай алына жараша дегендей тим жатпай табияттын сырдуу жактарын иликтеп адамдардын жүрөгүнөн түнөк табууга бүткүл аракетин чегерип келатканы жаман ой жаратпайт.

Булак: “Ачык сөз”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 59 − 53 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: