Талас облусунун Бакай-Ата районуна караштуу тоолуу Кара-Коюн өрөөнүнөн мылтыктын огунан жаракат алган улгайган адамдын жансыз денеси табылды. Маалыматты Талас облусунун Ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы тастыктады.
Маалыматка ылайык, 25-сентябрда 1946-жылы туулган жаран Т.Т.нын кандуу денеси табылган. Жараттарынан улам ал аймактык ооруканага жеткирилген. Бирок алган жаракаттарынан улам ал көз жумган.
Кийин белгилүү болгондой, эркек кишини анын кичүү баласы таап, аны жандандыруу бөлүмүнө алып барган.
Бул кылмышка шектүү катары, 2 күндөн кийин, эркек кишинин улуу баласы, 1970-жылы туулган Р.Т. кармалган. Ага Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси (“Киши өлтүрүү”) боюнча сотко чейинки өндүрүш башталды.
Тиешелүү экспертизалар дайындалды.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ