Кыргыз Эл артисти, белгилүү кинорежиссер Болот Шамшиевдин учурда абалы оор. Бул тууралуу Президент жана өкмөттүн иш башкармалыгынын атайын ооруканасынын башкы дарыгеринин орун басары Александра Олексюк журналисттерге бүгүн, 16-декабрда билдирди.
Анын айтымында, Болот Шамшиев ноябрдын аягында аталган оорукананын жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган. Үч күндөн бери анын абалы начарлап кетип, диагнозу билинбей жатат. Учурда дарыгерлер бардык күч-аракетин жасап жатат.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ