Кыргызстандын Экономика министрлигинин алдындагы Банкроттук иштер боюнча департаментинин директорунун орун басары Эркин Бакиров пара талап кылган деген шек менен кармалды. Бул тууралуу журналисттерге укук коргоо органдарынын кызматкерлери билдиришти.
Алардын маалыматы боюнча, бүгүн, 29-сентябрда КР УКМКнын Коррупцияга каршы кызматынын кызматкерлери Банкроттук иштер боюнча департаментинин директорунун орун басары Эркин Бакировду 40 миң сом пара талап кылган деп шектүү катары камакка алышты.
Учурда ал УКМКнын тергөө кызматына жеткирилип, тергөө амалдары улантылууда.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ