“Бир Бол” партиясы шайлоонун жыйынтыгын тааныбайт жана эл аралык техникалык аудит текшерүүнү талап кылат.
Саясий уюмдун билдирүүсүндө, көптөгөн мыйзам бузуулардан (добуш берүүнүн купуялуулугуна, массалык түрдө добуш сатып алуу), сырткары оппозициялык партиялар менен БШК берген добуштардын ортосунда айырмачылыктар бар экени айтылат.
Тизмедеги № 1 талапкер Алмамбет Шыкмаматов шайлоочуларына ишенем, бирок IT системасына ишенбейм деди. “Биздин жарандар бул шайлоону эч качан мыйзамдуу деп тааныбайт” деди ал.
Алмамбет Шыкмаматов “Бир Бол” партиясы парламентке өтпөй калган башка оппозициялык саясий уюмдар менен биригүүгө даяр экендигин кошумчалады. “Биз шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кылабыз” деди ал.
Өлкөдө Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлерди шайлоо аяктады. Добуш берүүнүн алдын-ала жыйынтыгы боюнча, шайлоого катышкан 16 партиянын ичинен 4 саясий партия жеңип чыгышты.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ