Бүгүн, 5-октябрда Ала-Тоо аянтында кечээ, 4-октябрда өткөн Жогорку Кеңешке шайлоонун жыйынтыгына каршы митинг өтүп жатат. Учурда нааразычылык акциясына болжол менен 3000-5000 адам катышууда.
Нааразычылык акциясына кыргыз жылдыздары дагы келишти, алардын арасында ырчы Кайрат Примбердиев, шоумен Бакыт Байсариев жана рэпер Улук Манапо бар. Калган жылдыздар митингден сүрөттөрдү жарыялай элек.
Бүгүн саат 11: 00дө аянтка “Социал-демократтар” партиясы чыгып, саат 12:00дө аларга “Реформа”, “Чоң Казат”, “Ордо”, “Мекен Ынтымагы” жана “Ыйман Нуру” партиялары кошулду. Саат 14:00дө Опера жана балет театрынын жанына “Республика”, “Ата-Мекен”, “Бир бол” жана “Замандаш” партияларынын өкүлдөрү чогулушту, алар болжол менен эки саат мурун аянттагы митингчилерге кошулушту.
https://www.instagram.com/p/CF9SmNPA5mr/?igshid=gbiiccdlg472&fbclid=IwAR02oclIkm_35AQakCDdMSLcj148sdDfLeHY97Pmi607Q7z48XEZNk6p5u8
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ