МККнын төрагасынын ордуна Нурлан Саитов келди. Бул тууралуу бүгүн, 6-октябрда журналисттерге ведомстводон билдиришти.
Буга чейин “Ата Мекен” саясий партиясынын бир топ адамдары төрага Акин Мамбеталиевди кызматтан кетүү боюнча арыз жазууга мажбурлаганы маалымдалган. Кийинчерээк бул топ “МККнын баш ийген бөлүмдөрүндө жана ишканаларында орундарды бөлүштүрүүгө барган”. Бирок, “Унаа” мамлекеттик мекемесинин (РЭО) жана “Инфоком” мамлекеттик ишканасынын кызматкерлери каршылык көрсөтүштү.
Буга чейин Бишкек шаарынын мэринин кеңсесин “Республика” партиясынан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Жоошбек Коеналиев ээлеп алган. Кара-Суу районунда Райымбек Матраимовдун бир тууганы, аким Тилекбек Матраимов кызматтан кеткен. Ал эми Ош шаарында жергиликтүү депутаттар шаар мэри Таалайбек Сарыбашовго ишенбөөчүлүк көрсөтүштү. КР Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы төрагасы алмашып, жаңы жетекчи Алтынбек Жумагулов болду.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ