Жоошбек Коеналиев Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу болбой калды. Бул тууралуу журналисттерге мэриядан билдиришти.
Белгилей кетсек, 6-октябрда эртең менен Коеналиевге Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруу убактылуу тапшырылды – шаардагы кырдаалды жөнгө салуу боюнча координациялык кеңеш чечим кабыл алды.
Муниципалитет Коеналивге байланыштуу кызматка дайындоо жана кызматтан алуу аргасыз чара деп түшүндүрдү.
“Коеналиевдин негизги милдети мэриянын имаратын сактап калуу болчу. Жогорку Кеңеш эмне болгонун баары көрдү да, биз андай көрүнүшкө жол бербешибиз керек эле. Коеналиев эртеден кечке муниципалдык кызматтар менен иш алып барды. Мындан сырткары, имараттарды кайтарган элдик кошуун түзүлдү”, – деди мэриядан.
Шаардагы кырдаалды жөнгө салуу боюнча Координациялык кеңеш Алмаз Бакетаевди убактылуу мэр кылып дайындады.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ