Бүгүн, 9-октябрда Бишкекте Опера жана балет театрынын алдына Өмүрбек Бабановдун тарапташтары чогулуп жатат. Бул тууралуу журналисттерге “Республика” партиясынын мүчөсү Кубатбек Болотканов билдирди.
Анын айтымында, митингге бүгүн биригүү жөнүндө жарыялаган төрт саясий уюмдун өкүлдөрү катышат.
“Биз тынчтыкты жана мыйзамдуулукту жактайбыз. Биз өлкөнүн мыйзамдуу жолго кайтып келишин каалайбыз”, – деди Кубатбек Болотканов.
Белгилей кетсек, бүгүн “Республика”, “Ата Мекен”, “Бир Бол”, “Реформа” партиялары “Акыркы Үмүт” деп аталган келишимге кол коюшту. Ага ылайык Өмүрбек Бабанов премьер-министрдин кызмат ордуна, ал эми Тилек Токтогазиев биринчи вице-премьер-министрдин кызмат ордуна көрсөтүлүп жатат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ