Menu

Сооронбай Жээнбеков: Ар бир президенттин чоң кыялы, максаты болот экен. Менин амбициялуу максатым — Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу долбоору эле

Бөлүшүү:

«Ар бир президенттин чоң кыялы, максаты болот экен. Менин амбициялуу максатым — Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу долбоору эле», — деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 16-октябрда, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйынында, КР Президентинин ыйгарым укуктарын өз ыктыяры менен тапшырып жаткандыгын расмий жарыялап жатып. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.

Сооронбай Жээнбеков баса белгилегендей, бул долбоор боюнча жогорку денгээлдеги сүйлөшүүлөр болуп, саясий чечим кабыл алынган.

«Эксперттер ишке киришип, маселе ордунан жылган. Билесиздер, бул долбоор Кыргызстандын келечеги үчүн аба менен суудай зарыл. Бийликке келе жаткан азаматтарга ушул ишти улантуу аманатын калтырып, кетип жатам. Кудайдын колдоосу менен ушул долбоордун ишке ашуусун тилейм. Албетте, бүтпөй калган иштер калды. Буга ичим ачышпай койбойт. Аткарылчу дагы милдеттер көп эле. Ушул курак, ушул кызматка жеткенге чейинки топтогон тажрыйбамды мындан ары да элим үчүн колдон келишинче жумшайм», — деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 6 + 4 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: