Menu

Быйыл акыркы коңгуроо аземи онлайн форматта өтөт

Бөлүшүү:

Быйыл мектептерде акыркы коңгуроо аземи онлайн форматта өтөт. Бул тууралуу бүгүн, 15-майда Билим берүү жана илим берүү министринин орун басары Надира Жусупбекова өкмөттүк онлайн-брифингде билдирди.

“Өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу биз акыркы коңгуроону салттуу форматта өткөрө албайбыз. Балдардын ден-соолугун сактоо максатында Билим берүү министрлиги аны 30-майда онлайн режиминде өткөрүүнү чечти. Күн мурун КТРКнын “Замана” студиясында болдум. Тележурналисттер “Мен Бүтүрүүчүмүн” аттуу акциясын башташты. Ал жакка бүтүрүүчүлөрдү куттуктап, сүрөт-видеолорун жөнөтсө болот. Мен бардык ата-энелерге, өлкөбүздүн кадыр-барктуу, белгилүү адамдарына бул иш-чараны колдоо өтүнүчү менен кайрылгым келет. Сиздерден бүтүрүүчүлөрдү куттуктап, аларга кеңеш берип, коштошууңузду суранам” – деди Надира Жусупбекова.

Эскерте кетсек, буга чейин республикада массалык иш-чараларга тыюу салынгандыктан, мектептерде акыркы коңгуроо болбойт деп кабарланган.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 12 = 17

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: