Бүгүн, 19-октябрда Жалал-Абад шаарында өкмөттүн облустагы жаңы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев тааныштырылды.
Вице-премьер-министр Равшанбек Сабиров өкмөт башчынын кадрдык өзгөрүүлөр жөнүндө буйругун окуп берди. Мындан тышкары, ал экс-ыйгарым укуктуу Нурболот Мирзахмедовго ыраазычылыгын билдирди.
Жаңы ыйгарым укуктуу өкүл Сыргабаев ЖМК өкүлдөрүнүн суроолоруна жооп берди. Анын сөзү боюнча, ал коронавирустук инфекцияга каршы күрөшүү жана жайылуусунун алдын алуу боюнча иш-чараларды баштоого ниеттенүүдө.
Мындан тышкары, ал ден-соолугуна байланыштуу бир жумадан кийин жумушка кайтып келерин айтты. «Кечээ эле мен ооруканадан чыктым. Кийин белгилүү болгондой, калыбыма келүү үчүн дагы бир жума убакыт талап кылынат. Уруксат сурадым. Кийинки дүйшөмбүдөн баштап иштейм», – деди ал.
Сыргабаев коронавирус менен оорубагандыгын кошумчалады.
Ошондой эле, ал саясатчы жана УКМКнын учурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевдин өкүл баласы экендигин тастыктады. «Чындыгында эле, Камчыбек Ташиев менин өкүл атам. Бул жөнүндө бардыгы билишет. Эгер мен андай эмес деп ырастай баштасам, анда мен баардыгын алдап жаткандай болуп калам. Анын өкүл баласы болгонума 22 жылдын жүзү болду. Менин оюмча, анын жумушка эч кандай тиешеси жок», – деди ал.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ