Menu

Өз ара аракеттенүү боюнча методикалык колдонмону иштеп чыгуу маселелери боюнча Пробация департаментинин ЖӨБ өкүлдөрү менен жолугушуусу

Бөлүшүү:

Кечээ, 19-октябрда жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана пробация органдарынын ишине карата усулдук окуу куралын иштеп чыгуу боюнча жумушчу топтун жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу бүгүн, 20-октябрда КРнын Юстиция министирлигинин алдындагы Пробация департаментинин басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушууга КР Юстиция министрлигинин алдындагы Пробация департаментинин, КР Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин, ЖӨБ Союзунун, ошондой эле жарандык сектордун өкүлдөрү катышышты.

Пробациянын институтун өнүктүрүү боюнча Координациялык кеңештин 2020-жылдын 4-сентябрында кабыл алынган чечими менен иш-чаралардын планына жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана пробациянын кардарларын реабилитациялоо боюнча пробация органдарынын иши боюнча методикалык колдонмону иштеп чыгуу киргизилген.

ААталган чечимди аткаруу үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин ведомстволор аралык буйругу менен жана Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиги тарабынан жогоруда аталган методикалык окуу куралын иштеп чыгуу боюнча жумушчу топ түзүлгөн. Курамга пробация департаментинин, Этностор агенттигинин өкүлдөрү жана жарандык коомдун өкүлдөрү киргизилген.

Жолугушуунун жүрүшүндө методикалык усулдаманын форматы, мазмуну жана түзүмү талкууланды. Жумушчу топтун ар бир мүчөсү өз сунуштарын жана рекомендацияларын билдирип, усулдук колдонмосу боюнча көз-карашын билдиришти.

Талкуулоолордун жыйынтыгында катышуучулар методикалык усулдаманын мазмуну нускамалык мүнөзгө ээ болуп, өзүнө түшүнүк аппаратын жана ченемдик-укуктук актыларга комментарийлерди камтып, ошондой эле мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана пробация маселелери боюнча пробация органдарынын өз ара иш-аракеттерин так регламенттөө керектигин жалпы пикирге келишти

Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча жумушчу топтун мүчөлөрү ишти онлайн форматта улантууну макулдашышты.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 49 − = 44

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: