Түркмөнстандын улуттук басылмаларына жазылгандар гезиттерди чектелген санда жана эки аптага кеч алышууда. “Азаттыктын” түркмөн кызматы кабарлагандай, 30-декабрда жарык көргөн гезиттер аймактарга 20-январда араң жеткирилген. Айрым гезиттер такыр эле келген эмес.
Түркмөнстанда мамлекеттик мекемелердин бардык кызматкерлери, мугалимдер жергиликтүү эки-үч басылмага милдеттүү түрдө жазылуусу керек.
Жаңы киргизилген тартипке ылайык, быйылкы жылдан тарта иш берүүчү гезит-журналдын акысын айлыктан түз кармап калат.
Жергиликтүү гезит-журналдарга жазылуунун баасы орто эсеп менен 70-130 манатты түзөт (1 АКШ доллары 3,50 манаттын тегереги).
Гезит-журналдарды аймактарга жеткирүү эмне себептен кечеңдеп жаткандыгы айтылган жок.
Түркмөнстанда 37 гезит жана 27 журнал бар. Алардын бирөө гана бизнес чөйрөсүнө багытталган, калгандары мамлекеттик болуп саналат.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ