Кыргыз гидрометеорология кызматы тараткан маалыматка таянсак, 2019-жылдын январь айында кар декабрь айына салыштырмалуу бурганактабай аз түшүп, бирок суук былтыркы жылга караганда катуураак болору айтылды. Мисалы, борбор калаада жана Чүй облустунун аймагында эң жылуу күн 0… -5 болсо, сууктун көрсөткүчү кээ бир күндөрү -20… -28 градуска, Ысык-Көлдө -20… -25, Таласта кээ бир күндөрү түнкүсүн –23…-28°, күндүз –10…-15° суукка чейин төмөндөшү мүмкүн. Ош, Жалал-Абад жана Баткен тарапта катуу суук -10… 15 градуска чейин чыкса, эң катуу суук Нарын облусунда, Суусамыр өрөөнүндө болот дешүүдө. Мисалы Нарындын Ат-Башысында сууктун күчү кээде -30… -35, ал эми Суусамыр өрөөнүндө кээ бир күндөрдө түнкүсүн –40…-45°, күндүз –23…-28° суукка чейин төмөндөшү мүмкүн экен. Советтик мыкты фильмдердин бири болгон «Служебный роман» көркөм тасмасында бир жакшы ыр ырдалат, «у природы нет плохой погоды» деп, бир чети бизде деле айтылат «кыш кыштай, кыз кыздай болгону жакшы» деп. Эшик суук болуп үшүсөк да, эң негизгиси ылайым ички жан дүйнөбүз үшүбөй, элибиздин духу түшпөй, аманчылыкта бололучу!
Булак: «Айгай-пресс»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ