Menu

Курманкул Зулушев: “Мага Генпрокуратураны жетектөө боюнча оозеки сунуш түшүп жатат”

Бөлүшүү:

Бүгүн, 21-октябрда “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясындагы ЖКнын жыйынын алдында Курманкул Зулушев журналисттерге Башкы прокуратураны жетектөө боюнча оозеки сунуш түшкөнүн айтты.

Анын айтымында, эгер ал башкы прокурор болуп калса, анда биринчи кезекте коррупция жана кылмыштуулук менен күрөшүү милдети болот. Ошондой эле, ал саясий куугунтукка каршы экендигин жана мындай көрүнүштү жоюуга аракет кыларын билдирди.

“Өткүрбек Жамшитов процессуалдык принциптерди сактап жакшы иштеди. Резонанс жараткан саясий иштерге бир аз кош көңүл мамиле кылды. А өзүнүн жумушун, прокуратура системасын жакшы алып барды”, – деди Зулушев.

Белгилей кетсек, генпрокурор Өткүрбек Жамшитов кызматтан кетүү боюнча арызын жазган. Аны бүгүн профилдик комитет жактырды, эми ЖКнын жалпы жыйында каралат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 54 + = 56

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: