Menu

АКШ: Дүйшөмбүдө Тоолуу Карабакта элдешүү жараяны күчүнө кирет

Бөлүшүү:

Бул тууралуу АКШ, Армения жана Азербайжандын билдирүүсүндө айтылат.

Буга чейин АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео Армения жана Азербайжан ТИМ башчылары менен жолуккан.

Тараптар октябрда эки жолу элдешүү жараянын жарыялашкан. Тынчтык сүйлөшүүлөрүнүн бири Москвада өткөн. Бирок жарашуу шарттары сакталган эмес.

Жекшембиде Азербайжан президенти Ильхам Алиев Губадлы шаары бошотулганын билдирген.

Эгер бул маалымат тастыкталса, бул 1990-жылдардын башынан бери армян күчтөрүнүн көзөмөлүндө болуп, сентябрда башталган салгылаштан кийин Азербайжандын колуна өткөн төртүнчү район борбору болуп калат. Бул район борборлорунун баары Тоолуу Карабак аймагынын тышында жайгашкан.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 80 + = 90

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: