Бүгүн, 25-октябрда Жогорку Кеңештин отурумунда депутат Дастан Бекешев “Ак үйдөгү” жылуулук маселесин көтөрдү.
Анын айтымында, депутаттар жылыткычтарды иштетүүгө аргасыз.
“Эгерде Ак Үйдө жылуулук иштебей жатса, башкалар жөнүндө айтпай эле коёлу”-деп билдирди эл өкүлү.
Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов бул көйгөй имараттардын энергоэффективдүүлүгүнө жараша болоорун айтып, дубалдары, терезелерди жылуулоону сунуштады.
Булак :KyrgyzToday
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ