Menu

Улуттук курултай үчүнчү революциянын башталышыбы?

Бөлүшүү:

Өткөн ишемби күнү – 8-октябрда борбордогу Ч.Айтматов атындагы орус драма театрында өлкөдөгү оппозициялык партиялар менен кыймылдардын башын бириктирген Улуттук курултай болду. Ага миңге жакын республикабыздын ар кайсы аймактарынан келген делегаттар катышты. Бирок уюштуруу иштери өтө жогорку деңгээлде болгондуктан, ар бир адам документин көрсөтүп, дыкат текшерүүдөн кийин гана киргизилди.

Анткени бийлик тарабынан даярдалган чагымчылар да кирип кетип, курултайды үзгүлтүккө учуратышы мүмкүн эле. Сыягы, аталган театрга 2008-жылдын октябрынан бери мынчалык көп эл келбесе керек эле. 2008-жыл демекчи, курултайда өтө сенсациялуу маалыматтарды сүйлөп, “бомба” жарган “Ата-Мекен” фракциясынын лидери Ө.Текебаевдин айтуусунда, дал ошол мындан сегиз жыл мурда ушундай курултай өтүп, ал кездеги Бакиев башында турган бийликке каршы саясатчылар менен партиялар бириккен. Демек, тарых кайталануудабы?…

Белгилей кетүүчү жагдай, Улуттук курултайга ар бир алыскы аймактардан атайын шайланган делегаттар катышты. Андыктан анын ишин, аракетин жер-жерлердеги карапайым калк да колдойт деп айтууга толук негиз бар.

Алгач улуттук курултайдын уюштуруучулары бийлик эч бир мамлекеттик имаратты бербей жаткандыгы айтылган. Бишкектеги баардык театрлар менен концерт залдары, жада калса чоң кафе, ресторандар да жаңы жылга чейин бош эместигин айтып баш тартышкан эле. Ошондуктан уюштуруучулар такыр эле имарат табылбаса, анда курултайды ачык асман алдында өткөрүүгө мажбур болушарын эскерткен. Анда эле эл көп келип же бир чагымчыл аракеттер жасалып, анын кесепети айланып келип бийликтин абийирин аштай төкмөк. Ошондуктан Ак үйдөгүлөр ары карап ыйлап, бери карап күлүп, орус драма театрын берген окшойт.

Бирок азыркы бийлик дээрлик баардык таасирдүү маалымат каражаттарын монополиялаштырып алган экен, Улуттук курултай тууралуу бир да телеканал, гезит, радио же жада калса чындыктын символу катары саналган “Азаттык” радиосу да кеңири, туура, так маалымат берген жок. Демек, бул жагынан бийлик идеологдору катуу иштептир…

Курултайды өткөрүү үчүн театрдын имараты болгону саат 9:30дан 13кө чейин берилгендиктен, докладчылар менен жарыш сөзгө чыгуучуларга 10 жана 5 минутадан эле убакыт берилди. Андыктан алгач президиум шайланган соң Конституциялык реформа жасоонун зарылчылыгы тууралуу докладды айтылуу эки революциянын “бульдозери” Азимбек Бекназаров жасады. Анын айтуусунда, бүгүнкү күндө шашылыш түрдө Башмыйзамды өзгөртүүнүн эч кандай деле зарылчылыгы жок. Эгер бийлик болбой эле референдум өткөрө турган болсо, анда ал мыйзамсыз болуп калат. Себеби референдум тууралуу мыйзам кабыл алынган эмес. Референдум өткөрүүнү депутаттар демилгелеп жатышы да каратып туруп калп айтуу болуп саналат. Курултайда жарыш сөзгө чыккан “Бир бол” фракциясынын депутаты Чолпон Жакупованын айтуусунда, азыр 95% депутаттар Ак үй эмне десе ошону жасап, элин сатып жатат. Алар керек болсо “жатып берүүгө” да даяр. Демек, Конституцияны өзгөртүүгө бийлик кызыкдар жана өздөрүнүн келечегин ойлоп жатышат…

Андан кийин белгилүү публицист, жазуучу Байас Турал улуттук идеологиянын тегерегинде баяндама жасады. “Бүгүнкү кыргыз ким? Азыр кыргыздар кыргыз болуп туулуп, орус болуп жашап, арап болуп өлүп жатышат. Себеби бизде улуттук идеология жок”,- деди ал. Бул элди маңкуртташтыруу саясатынын улантылышы жана келечекте Кыргызстанды жок кылууну көздөө болуп саналат.

Жаштардын атынан сөз сүйлөгөн “Эркин эл” кыймылынын лидери Мавлян Аскарбеков бүгүнкү күндө жаштар келечегин элестете албай тургандыгын, элдин ишке жарамдуу катмарынын жарымынан көбү мигрант болуп, чет өлкөлөрдө көрбөгөн азапты баштан өткөрүп жатышкандыгына токтолду. “Менин ата-энем гастарбайтер болуп, чет өлкөдө таяк жеп жүрүшөт. Өзүм да гастарбайтер болгонмун. Туугандарым да гастарбайтер. Деги биз качан оңолобуз?”,- деп каңырыгы түтөдү ал.

Курултайда баарынан “Ата-Мекен” партиясынын лидери Ө.Текебаевдин сөзү катуу болуп, бир топ жагдайларды ачыкка чыгарды (анын доклады толук түрдө өзүнчө гезитке берилүүдө). Бирок ал 11-октябрда парламентте чукул өткөргөн маалымат жыйынында сепаратист К.Батыровго тиешелүү, аны менен 2010-жылы кимдер жолугуп, кандай пландарды түзүшкөндүгүн айтты. Ошондой эле Ак үйдөгү жакындары ага өмүрүнө коркунуч туулуп жаткандыгын, жакын арада өлтүрүп коюшу да мүмкүн экендигин эскертишиптир. Демек, бийлик атаандаштарына каршы кандуу жолго түшкөн турбайбы. Бул үчүнчү революциянын башталышы эмеспи?

Ж.Акжолов

Булак: “Майдан.kg” гезити

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 18 + = 24

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: