Menu

Кыргызпатенттин, Монополияга каршы жөнгө салуу агенттигинин жана Финансы рыногун жөнгө салуу кызматынын статс-катчылары кызматтык милдетин ак ниет аткаргандыгы үчүн КР Премьер-министринин атынан сыйланышты

Бөлүшүү:

Сооронбай Жээнбеков Кызматтык милдетин ак ниет аткаргандыгы, статс-катчылардын иштеринин рейтингинде жогорку жетишкендиктери үчүн, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 18-беренесине ылайык буйрукка кол койду. Бул туурасында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Анда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интелектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын статс-катчысы Ташиев Жапаркул Актаевич Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин атынан энчилүү саат менен сыйланды.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын статс-катчысы Шамшиев Абдухалык Абдулхаевичке жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин статс-катчысы Мамыралиев Айбек Абаскановичке,  Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин атынан алкыш жарыяланды.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 4

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: