Menu

Алмазбек Атамбаевдин жансакчысы Канат Сагымбаев кармалып, камакка алынды

Бөлүшүү:

УКМКнын 9-кызматынын мурунку кызматкери (Мамлекеттик күзөт кызматы), экс-президент Алмазбек Атамбаевдин жансакчысы Канат Сагымбаев кечээ кечинде Аскер прокуратурасы тарабынан кармалып, Аскер прокуратурасынын Бишкек гарнизонунун камагына киргизилип, 48 саатка камалганы тууралуу адвокат Замир Жоошев “Фейсбуктагы” баракчасына жазып чыкты. Анын айтымында, Сагымбаев кечээ, 24-сентябрда, саат 23:00дө кармалган. Ага Кылмыш кодексинин беренеси боюнча (“Массалык башаламандыкты уюштуруу”, “Адам өлтүрүү”, “Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” жана “Иликтөө иштерине тоскоолдук кылуу”) төрт кылмыш иши козголгон.

Эскерте кетсек, 20-сентябрда УКМК А.Атамбаевдин жансакчысы Канат Сагымбаевдин иштен алынганы тууралуу маалымат тараткан. Алардын айтымында, ага эки кызматтык териштирүү иши жүрүп, “Кызматтык дал келбестик” беренеси менен айыпталып, кызматынан бошотулган. Июль айында ал кайтаруудагы объект жок учурда жетекчиликтин кызматтык куралды, атайын техниканы гаражга тапшыруу көрсөтмөсүн аткарбай койгон жана УКМКнын ички жоболоруна карабастан, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү менен байланышка барган.

Ал эми Атамбаевдин адвокаты Замир Жоошев Сагымбаев Атамбаевди туулган күнү менен куттуктаганы үчүн кызматынан кеткенин жазган.

7-августта, Кой-Таштагы Атамбаевдин хан сарайындагы үйүнөн аны кармоо операциясы жүргүзүлүп, ал ишке ашпай калган. Ок атылып, спецназдын бир жоокери каза болуп, 136 киши жаракат алган. Эртеси, 8-августта, андагы ИИМ министринин орун басары Курсан Асанов экс-президент менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, аягында ал багынып берген.

Булак: Kyrgyztoday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 85 − = 76

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: