Сасык тумоо менен коронавирустун белгилерин айырмалоо дээрлик мүмкүн эмес. Бул тууралуу бүгүн, 3-ноябрда Саламаттыкты сактоо министрлигинин штаттан тышкаркы пульмонологу Талантбек Сооронбаев маалымат жыйынында билдирди.
Анын айтымында, эки инфекцияны дарылоонун тактикасы бирдей болушу керек.
Ал эгер адамда ысытма болсо, анда ал обочолонууну катуу сакташы керектигин белгиледи.
“2009-жылы биздин өлкөдө H1N1 тумоосунун очогу катталган. Бул штаммды жуктургандардын медициналык тарыхын алып, аларды COVID-19 менен салыштырдык. H1N1 коронавирус сыяктуу эле оор кесепеттер болгон. Ошондуктан дене табы жогору болсо, анда бардык эрежелерди сактаоо керек”, – деди Талантбек Сооронбаев.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ