Армения тоолу Карабакты 1 – декабрга чейин толук бошотуп берет!
Түндө миңдеген армениялыктар парламентин курчоого алып, спикерин сабап салышкан. Кечээ түн оокумда Премьер министр Никол Пашинян Владимир Путинден согушту токтотуу боюнча келишим түзүүгө жардам берүүсүн өтүнгөн эле. Орусия президентинин аракети менен түнкү саат 24:00 дөн баштап, согуш токтотулду. Азербайжан президенти Илхам Алиев Карабак аймагында бир да армян калбаса, согушту токтотуу келишимине кол коём деген. Тараптар Алиевдин мындай шартына макул болушкан. Келишимге ылайык, 1 – декабрга чейин Армения Карабакты толук бошотуп берет, Орусия менен Түркия көзөмөлдөөчү милдетти мойнуна алат, жана 1700 гө чейин тынчтыкты камсыздоочу аскердик база орун алат.
Никол Пашинян түнү митингчилерге кайрылуу жасап, “аскердик абалыбызды терең анализдегенден кийин ушул келишимге кол койдум. Мындан башка айлабыз жок эле”,- деди.
Манас Осмон, журналист
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ