Канаданын тургуну ар күнү кечинде каза болгон аялынын өтүнүчү менен токойдогу бир топ енот жаныбарларын багып келет. Бул тууралуу видеотасма Твиттер социалдык тармагына жарыяланды.
Джеймс Блэквуд Жаңы Шотландия провинциясында жашайт жана 25 жылдан бери жакын жердеги токойдо жашаган енот жаныбарларын багып келет. Анын үстүнө, ушул кадрларга караганда, ал жаныбарларга сосиска, шоколад печеньеси жана башка татту каймактарды берет. Джеймс өзүнүн кире беришиндеги чакадан енотторду азыктандырып жаткан видеолордун бири 5 миллиондон ашуун көрүүчүгө ээ болгон.
“Кар жаап, абанын температурасы нөлдөн төмөн болду, еноттор аябай ачка болушту жана узак кышка камылга көрүшү керектигин билишти”, – деди ал.
Джеймстин айтымында, енот жаныбарын багуу идеясы алгач анын маркум аялына таандык болгон.
“Ал 2003-жылы рак илдетинен көз жумуп, өзүнүн өлүм төшөгүндө жатып енотторду, мышыктарды жана анын өзүнүн энесин багууну өтүнгөн. Мен анын тилегин орундатып, жакынкы он жыл ичинде мышыктарга жана анын энесине кам көрдүм. Менин бул жерде жашаган эки куткаруучу мышыгым бар – Коннор жана Шарлотта, бирок алар үйдө отурушат. Өзгөчө эскертүү: Акча жана белек түрүндөгү сунуштарыңыз үчүн рахмат, бирок мен аларды кабыл ала албайм. Мен сиз жашаган аймакта жаныбарларды коргоо кызматтарына кайрымдуулук кылууну каалайм”, – деди Джеймс өзүнүн катталуучуларына.
Каждую ночь мужчина кормит стаю енотов. Канадец уже 25 лет ухаживает за ними. Делает он это по желанию покойной жены: в 2003 году она умерла от рака и попросила заботиться о енотах, живущих неподалёку в лесу. А любимые лакомства толстячков — это сосиски, печенье и взбитые сливки pic.twitter.com/CZ7yk2nYI0
— Лента.ру (@lentaruofficial) November 13, 2020
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ