Тажикстандын бийлиги жети ай мурда камактагы адамдардын жакындары менен жолугушуусуна киргизилген тыюуну алды. Бул тууралуу өлкөнүн Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу башкармалыгы билдирди.
Мекеменин маалыматына караганда, камактагылардын туугандары абактарга азык-түлүк жана өтө зарыл нерселерди алып келсе болот. Жолугушуулар бардык санитардык-эпидемиологиялык нормаларды сактоо менен өтүшү керек. Абакка кире турган жарандардан коронавирус жок экенин ырастаган, акыркы 24 сааттын ичинде тапшырылган тесттин жыйынтыгы талап кылынат.
Тажикстандын бийлиги 31-мартта COVID-19дун абактарга жайылуусун алдын алуу үчүн камактагылардын туугандары менен жолугуусуна убактылуу тыюу салган. Алар жакындары менен телефон менен гана сүйлөшүп келишкен.
Июнда айрым басылмалар пандемия башталгандан бери Тажикстандын түрмөлөрүндө камактагы 11 адам жана үч кызматкер коронавирустан каза болгонун жазышкан. Бирок Юстиция министрлиги бул маалыматты четке кагып, алар пневмониядан улам көз жумганын билдирген.
Апрелдин аягында Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун Тажикстанга келген эксперттери өлкө бийлигин түзөтүү мекемелериндеги санитардык-эпидемиологиялык абалга көңүл бурууга чакырышкан.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ