Menu

Прокурор жөн адам эмес да

Бөлүшүү:

Баткен облусунун прокурору Анарбай Мамажакыповдун киши колдуу болуп өлтүрүлүшү  коомчулуктун үрөйүн учуруп койду. Анткени прокурор деген катардагы эле жаран эмес да? Ал деген коопсуздукту көзөмөлдөгөн бир облусттун прокурору болчу.  Демек, бул окуя албетте, резонанстык  мааниге ээ десек болот.

Ал эми сайрандоо  уюштурулуп, андан кийин прокурордун мыкаачылык менен өлтүрүлүшү  алдын-ала пландалган ишпи деген күмөнсүнүү пайда болору турган иш. Эми мунун аягына чекитти эпке келтирер күч түзүмдөрү бар дечи? Ошентсе да көз кыстыга чаптап ишти узакка создуктуруп жиберүүдөн алыс болушса оң болмок.  Кандай болгон күндө да бул коогалаңдуу окуядан жалпы эл чоочулап калганы жакшы жышаан эмес. Негизи “беспределге” белчесинен баткан тармакты тазалоого мезгил жетти. Анын үстүнө кызматына чиренип каалагандай тайраңдап кеткендер Баткенде эле эмес башка аймактарда да толтура. Чертсең эле чекеден былгып чыгат. Ушундай кесирлүү адаттардан арылтууга  Өткүрбектин  дымагы жетеби деген суроо сөзсүз коюлат. Бул тууралуу кеңири  өзүнчө кеп кылууга убактысы келет…

Булак: “Ачык сөз”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 7 = 15

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: