Menu

Видео – Анджей Жот, саякатчы: “Мен дүйнөнүн 101 өлкөсүн автостоп менен кыдырып келатам, бир күнгө $2 эле коротом”

Бөлүшүү:

Дүйнө кыдырып, саякаттоо ар бир адамга эле жакса керек. Биздин каарманыбыз, 35 жаштагы Анджей  дагы 16 жашынан баштап автостоп менен жер кезип, дүйнө кыдырып келет. Азыр өлкөбүзгө саякаттап келген Анджей Жот кыргыз элинин меймандостугуна аябай ыраазы экендигин билдирди. Саякатчынын кызыктуу жашоосу тууралуу төмөндөн таанышыңыздар.
-Саламатсызбы Анджей мырза, өзүңүз тууралуу айтып берсеңиз?
-Менин атым Анджей Жот, улутум боюнча полякмын, бирок кош жарандуулугум бар, азыр Улуу Британиянын Ливерпуль шаарында жашайм. 3 айдан бери Борбор Азияда саякаттап жүрөм. Алайга барып 7134 метр бийиктиктеги Ленин чокусуна чыктым. Анан Ош жана Жалал-Абад облустары аркылуу автостоп менен Бишкекке, сиздерге келип калдым.
-Дүйнө кыдырып саякаттоого каражатты кайдан табасыз?
-Мен өзүм кийим чыгаруучу фабрикада иштейм. Батыш Европада саякаттоого жетишерлик чоң акча тапсаң болот.
-Жылына канча убакыт иштеп, канча убакыт саякаттайсыз?
-Былтыркы жылы 4,5 жума иштедим: 2 жумасын Францияда, ал эми 2,5 жумасын Англияда.
-Сиз саякаттап кетсеңиз үй-бүлөңүз кантип жашайт?
-Ата-энем жана иним бар, бирок өзүм үйлөнө элекмин. Азырынча келечек пландарымда үйлөнүү маселеси жок.
-Канча жашыңыздан баштап саякаттап баштадыңыз жана буга эмне себеп болду?
-Анда мен 5 жашта болчумун. Апам менен биринчи жолу узак жолго чыккам. Бирок менин эсимде жок. Биз Польшанын борборунда, ал эми чоң ата, чоң энем шаардан 160 км алыстыктагы айылда жашачу. Ошол жакка чейин автостоп менен барыптырбыз. Анткени автобус же башка транспорттор жок эле. Кийин апам автостоп менен барса болорун айткан. Ошондон тартып менен автостоп менен дүйнөнү да кыдырып саякаттаса болот деген ойго келдим.
-Өз алдынча саякаттоону качан баштадыңыз?
-16 жашымда биринчи жолу Германияга баргам. Бизде мыйзам боюнча ата-энесинин коштоосуз, жалгыз башка өлкөгө 16 жаштан баштап гана уруксат берилет.
-Саякат учурунда күнүнө канча акча коротосуз жана эмнеге?
-Автостоп менен саякаттаганым үчүн транспортко эч нерсе төлөбөйм, кийим-кечек сатып албайм, болгону тамак-ашка күнүнө 2 доллар гана акча коротом. Айрым Непал, Индия сыяктуу өлкөлөрдө 1 доллар менен жашаса болот. Ресторандарга кирбейм, жылдыздуу мейманканаларга түнөбөйм, каучсерфинг ресурсу аркылуу бекер түнөтө турган жерлерге гана кирип түнөйм. Жатак таба албай калсам рюкзагымда чатырым бар, талаага орното коюп түнөп кете берем.

-Эң кызыктуу учурлар болдубу, айтып берсеңиз?
-Алайга, Памир тоолоруна барганымда болду. Көп адамдар менен тааныштым. Алар аябай меймандос келишет экен. Ар бир боз үйгө конокко чакырып тамактандырып жатышты. Мындай нерсени шаардан көрбөйсүң. Силердин Алай тоолорундагы Ленин чокусуна (7134 м) чыктым.
-Кыргызстанда сизге дагы эмнелер жакты?
-Бул жердин наны(лепешка) жакты. Бир жума Казакстанда болдум, бирок алардын наны бул жактыкына жетпейт экен. Андан тышкары самса, паалоо жакты…
-Кыргызстандын башка өлкөлөрдөн эмне айырмасы бар экен?
-Адамдар өтө меймандос келишет экен. Өзбекстанды да ушундай меймандос деп айтышат. Бирок ал жерде эки эле күн болдум. Жакшы билбей калдым. Эми жакында кайра барам.
-Дагы кайсы мамлекеттерге саякатка барайын деп жатасыз?
-Мен Кыргызстандын бардык облустарын көрдүм. Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын жана башка жерлерди көрдүм. Эми Таласта боло турган көк бөрү оюндарын көргөнү барам. Андан соң Өзбекстанга, Түркмөнстан, Иранга кетем.
-А сизге кыргыз кыздары жактыбы, үйлөнгүңүз келген жокпу?
-Кыргыз кыздары корей кыздарына окшош экен. Негизи жакты. Бирок сүйгөнүмдү тапкан жокмун, анткени азырынча үйлөнгүм келбейт. Менден кичүү иним үйлөнүп алып, 4 балалуу болуп, эми эч жакка чыга албай, балдарын багып Польшада жатат.
-Саякат учурунда кыйын учурларга кабылган кездер болдубу?
-Ооба, кээ бир өлкөлөрдө Кыргызстан, Казакстандагыдай жардам беришпейт. Мисалы Түштүк Америкада кыйын. Ал жерде 4,5 саат ысыкта да, суукта да жөө басканга туура келет. Себеби машиналардын айдоочулары автостоп жүргүнчүлөрдү ала кетишпейт. Балким каракчылар деп ойлошот.
-Эмне үчүн автостоп менен саякаттайсыз же финансылык жактан маселе барбы?
-Эгерде күнүнө 10 доллар коротсом көп саякаттай албай калам. Эгерде күнүнө 2 доллар сарптасам 2 ай саякаттап жүрө алам.
-Сиздин хоббиңиз?
-Менин хоббим саякаттоо жана сүрөткө тартуу. Бирок видеого аз тартам. Сүрөттөрдү телефонго тартам. Мурда фотокамерам бар болчу. Бирок көтөрүп жүрүү кооптуу экен. Ар кайсы жакка барганда уурдап кетиши мүмкүн. Түштүк Америкада бандиттер, каракчылар көп болот экен.
-Сиздин жогорку билимиңиз барбы?
-Ооба, бар. Географиялык-туристтик адистиги боюнча билим алгам.
-Келечектеги максаттарыңыз кандай?
-Мен Кыргызстандан Кытайга барайын дедим эле. Бирок бул жерден такыр виза ала албай жатам. Өзүм Улуу Британиянын жана Польшанын жараны катары кош жарандыгым бар болгондуктан Кытайдын Кыргызстандагы жана Казакстандагы элчиликтери визаны Улуу Британиядан алып кел деп жатышат. Мурун Кытайга барганымда визаны Монголиядагы элчилигинен алган болчумун. Эмнегедир бул жакта Кытайга виза алуу азыр оорлошуптур. Ошондуктан Таластагы Көчмөндөр оюндарын көрүп, андан ары Өзбекстанга өтөм, Иран элчилигине виза сурап кайрылдым, виза алсам Иранга барып түрө кыдырам, Түркмөнстанга өтүп саякаттап, анан Европага кайтам. Лондондон Кытай визасын алып, Кытайга келем, андан ары Лаоско өтүп, Түштүк-Чыгыш Азияны кыдырам…

Чолпон Алмазбек кызы
Булак: Kyrgyztoday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: