Алмаз Атамбаев Бишкектин жолдорун оңдоо үчүн Кытайдан 1 млрд юандык гранттык каражатты 3 жыл сурагандыгын шаардын мэри Албек Ибраимов шаардык кеңештин кечээги, 8-июндагы 5-сессиясында айтып чыкты.
“Кытайдын министри президентке (Атамбаевге-ред.) “Кытайда адамдар кыргызстандыктардан начар жашап жатканда каражат сурагандан кантип уялбайсыңар? Силердин жарандардын ар бириси терезелери караңгылатылган “Мерседес” минип, үчтөн айфон көтөрүп жүрөт” деп айтканына мен өзүм күбө болгом”, – деп “балп” эткен сессияда Албек Ибраимов.
Албек Ибраимовдун Бишкек шаардык кеңештин сессиясында айткан бул сөздөрүн кечээ алгач Кыргызстандагы бийлик камчысын чапкан ири сайт жарыялап, кийин өчүрүп салды же өчүртүп салышты.
Булак: “Сентябрь”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ