Кечээ, 16-ноябрда Кыргызстандын Улуттук банкы доллардын кескин өсүшүнө байланыштуу валюта рыногунда интервенция жүргүздү. Бу тууралуу Улуттук банктын сайтында кабарланды.
Улуттук банк валюта базарында 23,4 миллион доллар сатты. Акыркы жумада Улуттук банк валюта базарында 50,2 млн. доллар сатты.
Бул жыл башынан берки 15-интервенция, ал эми октябрь айынын ичиндеги экинчи интервенция. Биринчиси 15-октябрда 17,1 миллион доллар сатылган.
Кыргызстандын банктарындагы АКШ долларынын курсу 17-ноябрь саат 08:20га карата доллардын расмий курсу 84.8 сомго бааланууда.
Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ