Menu

Видео – Айданбек Акмат уулу: “Атамбаевдин доорундагыдай эки жүздүүлүк, мыкаачылык болгон эмес, бийликке билимсиз, тайкы адамдар келип, мамлекетибиз оор зыянга учурады

Бөлүшүү:

5-каналдын журналисттеринин 2010-жылдын 7-апрелиндеги мамлекеттик төңкөрүштүн 9 жылдык жыйынтыктары тууралу “7-апрель: эмнени уттук да, эмнени уттурдук?” деген суроосуна журналист Айданбек Акмат уулунун жообу:

Бизде азыр бузук система түзүлгөн да, мисал үчүн, азыр Жогорку Кеңешти эл шайлабайт, партиянын лидерлери аныктаган тизме боюнча шайланат, бул жерде узурпация болуп калган да. Элге таянбаган депутаттар, булар партия лидерине же бийликке аябай көз каранды болуп, эл менен байланышы жок, булар аябай алсыз болуп калды, ошондуктан Жогорку Кеңеш өзүнүн ролун жана функциясын аткара албай калды… Экинчиси биз арсар болбой же президенттик же парламенттик башкарууга өтүшүбүз керек… Үчүнчүсү, биз соттун коз карандысыздыгына жетишибиз керек. Сотторду азыр президент жана президенттик аппарат башкарат. Бул Атамбаевдин учурунда аябай күчөдү, өзүнүн оппоненттерине саясый куугунтуктарды жасап, көптөрдү кыйнады… Атамбаевдин доорундагыдай мындай эки жүздүүлүк, мындай мыкаачылык иштер болгон эмес чындыгында. Андан мурункулар андан калышкан эмес, бирок мында шофердук деңгээлдеги башкаруучулар, билимсиз, тайкы адамдар келип алып мамлекетибиз аябай чоң зыянга учурады, тышкы карызбыз Кытайга 2 миллиард долларга жетти, биздин 160 млрд сомдук бюджетибиз бар, ошонун ичине 35 млрд сомубуз жыл сайын тышкы карызды төлөөгө кетип жатканы – бул биздин бюджет үчүн оор болуп жатат. 35 млрд сомду жыл сайын төлөө биздин жакыр мамлекет үчүн өтө оор. Бул элдин жонунан кыйылып жаткан кайыш.”

Булак: Кyrgyztoday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 15 + = 20

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: