Menu

Видео – Темир Сариев 2010-жылы 5-апрелде Москвага эмне максатта, кимдер менен жолугушканы барганын азыр да “ачык айталбайм” деп мукактанды

Бөлүшүү:

2010-жылдын 7-апрелиндеги куралдуу мамлекеттик төңкөрүштүн уюштуруучуларынын бири Темир Сариев “Азаттык” радиосунун суроолоруна жооп берип жатып, төңкөрүштөн эки күн мурун Москвага эмне максатта, кимдер менен жолугушууга барганын, кандай сүйлөшүүлөр болгонун жана кандай колдоолорду алганын “азыр да ачык айтып бере албайм” деп мукактанып, кайрадан кутум жөнүндөгү шектенүүлөрдү күчөттү.

-2010-жылы апрелде ызы-чуу башталганда сиз Кыргызстанда болгон жоксуз, Москвага учуп кетипсиз, сиз ал жерге эмне максат менен бардыңыз жана кимдер жолугуштуңуз? Буга чейин айтыптырсыз, бирок конкреттүү ачык айтпаптырсыз, кимдер менен жолуктуңуз?

-Азыр деле ачыктай албайм.

-Кандай сүйлөштүңүз эле?

-Азыр деле ачыктай албайм, ушул саясый маселе боюнча.

-Бул оппозициялык күчтөрдүн чечими боюнча бардыңызбы же өзүңүз демилге көтөрүп бардыңызбы?

-Жок, мен кетээрде баарын чогултуп, баарына айтып, мен баратам деп, анткени ошол убакта бир эле менде байланыш бар болчу, жогорку деңгээлде. Анан кийин 5-апрелде эмне болорун эч ким билген эмес, мындай окуя болуп кетерин эч ким билген эмес. Биз 7-апрелге митингге гана даярданып жатканбыз. Мөөнөтсүз акция жарыялайбыз деп турганбыз. Анан бизде бийликти мындай тынчтык жолу менен, мажбурлап, өкмөттү кетирип, парламентти шайлоону кайра жаңы жарыялатып, жаңы өкмөт түзүп, Андан кийин парламенттик, анан президенттик шайлоого. Башкалар эмне деп айтып, бүгүн эмне жүйөлүү деп айтат, мен аларга жооп бере албайм, бирок менин жеке ошол убактарда бирден-бир оппозициянын  башында турган адам катары, менин ошол сырттагы, ичтеги сүйлөшүүлөрүмдүн негизги багыты ушундай болчу.

-Сиз колдоо, каржылык колдоо издеп бардыңызбы?

Жок, каржылык колдоо эмес…

-Кандай колдоо издеп бардыңыз? Россия башка мамлекет, Кыргызстан суверендүү башка мамлекет…

-5-апрелде, мен барганда ушул биздеги саясый багыттар, кайсы нукта болуп кетиши мүмкүн? Эгер болуп кетсе кандай гуманитардык жардам керек болуп калат, биерде медициналык жардамдарды, азык-түлүк жардамдардыбы болуп калат. Эми ал жерде 3-4 варианты бар болчу биздики. 6-апрелде ал жактан учуп, 7-апрелде саат 5те бул жакка учуп келмекмин дагы кийинип алып эле анан Сокулукка бармакмын. Сокулукта митинг башталмак, анан ошону бери баштап келмекмин…

-Сиз ошол Москвага каттаган сүйлөшүүлөрдөн кандайдыр бир колдоо алып келдиңизби  же жөн эле келдиңизби?

-Жок, аякта аларга биринчиден, оппозициячыл багытта жүргөн адамдардын кандай максаты бар, эртең эмне кылат, кандай жолдорду көрүп атат?  Ошону сүйлөшүү болчу. Экинчиден, ачык эле айтыш керек, мүмкүн кандайдыр бир маалыматтык көмөк көрсөтүлмөк…

Булак: KyrgyzToday

Видео: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 9 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: