Menu

Садыр Жапаровдун тарапташтары өткөрүп жаткан митингге мурунку саясатчы Нурлан Мотуев келди

Бөлүшүү:

Бүгүн, 14-октябрда Садыр Жапаровдун тарапташтары Өкмөт үйүнүн жанындагы Эски аянтта митинг өткөрүп жатышат. Саат 15:30дан кийин ал жакка Нурлан Мотуев келди.

“Жапаров экөөбүздүн оюбуз бирдей. Бизди бир эле маалда кармашты. Андан кийин мен чыктым. Жакында камактагыларга мунапыс берүүнү талап кылган видеотасмам үчүн дагы бир жолу камакка алышты. Утула турган эч нерсе жок, биз Садыр Жапаровду колдойбуз”, – деди Нурлан Мотуев.

Белгилей кетсек, шайлоого чейин Нурлан Мотуев Инстаграмдагы социалдык баракчасында ар бир партияга мүнөздөмө берип, видеотасмаларды тарткан.

Эскерте кетсек, Нурлан Мотуев 2016-жылы 12-майда “Элдик парламенттин” лидерлеринин форумунда сүйлөп жатып айткан экстремисттик мүнөздөгү чакырыктары үчүн кармалган.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 66 = 71

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: