Кыргызстанда коррупцияга каршы күрөшүүнүн жаңы стратегиясы иштелип чыгат. Бул тууралуу бүгүн, 25-декабрь күнү Сооронбай Жээнбеков жыл жыйынтыгы боюнча маалымат жыйынында билдирди.
“Антикоррупциялык саясаттын мамлекеттик стратегиясы 2012-жылы кабыл алынган. Андан бери жети жарым жылдан ашык убакыт өттү. Азыр заман өзгөрүп, улам жаңы коркунучтар, чакырыктар, схемалар пайда болууда. Антикоррупциялык саясатынын жаңы Мамлекеттик стратегиясын иштеп чыгууга тапшырма бердим. Азыр Коопсуздук кеңешинин кароосунда. Жакынкы арада бул стратегияны да кабыл алабыз” – деп билдирди президент Сооронбай Жээнбеков.
Мындан сырткары, президент коррупция каршы күрөшүүдө ММКлардын эмгегин баалап, бардык маалымат каражаттарына чыгып жаткан материалдарды тиешелүү органдар текшерип жаткандыгын билдирди.
Булак: «KyrgyzToday»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ