17 июль күнү Пакистан Ислам Республикасындагы Кыргыз Республикасынын Атайын жана ыйгарым укуктуу элчисы Эрик Бейшембиев Пакистан Ислам Республикасынын Маалымат, телерадиоберүү, Улуттук тарых жана адабий мурасы боюнча министри Сайед Али Зафар менен жолукту. Бул тууралу КР ТИМинин басма сөз кызматы билдирет.
Сүйлөшүү учурунда эки тараптын маданият жана гуманитардык кызматтыштыктын өнүктүрүү маселелери, ошондой эле Пакистан делегациясынын Дүйнөлүк көчмөн оюндарына жана Ч.Айтматовдун 90 жылдыгына арналган 3-чү Эл аралык Ысык-Көл форумуна катышусуу талкуланды.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ