Президенттикке талапкерлердин бир тобу БШКга кайрылып, Садыр Жапаровду президенттикке талапкер катары каттабоону суранды. Бул тууралуу бүгүн, 9-декабрда депутат Канат Исаев Бишкекте өткөн маалымат жыйынында билдирди.
Анын айтымында, Конституциянын талаптарына ылайык, бардык талапкерлер бирдей укукка, бирдей шарттарга ээ болушу керек. Президенттин милдетин аткаруучу президенттикке талапкер боло албайт.
“Тилекке каршы Садыр Жапаров президенттин милдетин аткаруучу болуп эсептелет. Ал ыйгарым укуктарын өткөрүп берди. Бирок ошого карабастан анын артыкчылыктары бар. Анын партиялаштары УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев, партиянын дагы бир мүчөсү Башкы прокурор Курманкул Зулушев. БШКдан Садыр Жапаровду каттоодон өткөрбөөнү талап кылабыз”, – деди Исаев.
Адахан Мадумаров Канат Исаевди колдоп чыкты. Анын айтымында, буга чейин коомдук ишмерлерден жана БШКга талапкерлерден кайрылуу келип түшкөн.
Садыр Жапаров расмий түрдө кызматтан кеткен жок. Убактылуу гана токтотулган. Бул одоно мыйзам бузуу, деп билдиришти маалымат жыйындын катышуучулары.
Канат Исаев өз кезегинде алар бул маселени мурда көтөрүшпөгөнүн белгилешти, анткени алар Борбордук шайлоо комиссиясынын өзү алардын өтүнүчүсүз каттоодон баш тартат деп эсептешкен.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ