Бишкек шаардык кеңеши жер алдынан өтмөктөрдөгү соода түйүндөрүнүн сатуучуларына карантиндик мезгил үчүн ижара акысын төлөөгө милдеттендирди. Бул тууралуу сатуучулар өздөрү журналисттерге билдиришти.
Өз нааразычылыгын билдирүү үчүн Чүй проспектиси менен Абдрахманов көчөсү жана Манас менен Чүй проспектисинин кесилишиндеги өтмөктөрдөгү сатуучулар соода түйүндөрүн жаап, шаардык мэриянын алдындагы митингге чыгышты.
«Бизге эки айга, башкача айтканда, апрель жана май айларынын ижара акысын төлөшүңөр керек деп айтышты. Биз ал учурда карантинге алынганбыз жана иштеген жокпуз», – деди сатуучулардын бири.
Анын айтымында, ар бир ижарачы соода түйүнүнүн көлөмүнө жараша айына 7 миңден 15 миң сомго чейин төлөшкөн.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ