Активист Адил Турдукулов президенттикке аттанган УКМКнын экс-жетекчиси Абдил Сегизбаев тууралуу пикирин Facebook социалдык тармагындагы баракчасына жазып чыкты.
“Сегизбаевдин буга чейин камалбаган себеби, анын Сооронбай Шарипович Жээнбековго карата катып алган компромат бар болгонунда. Эми Жапаров менен Ташиевдин Абдилди камаганга белсенип турганда, ал аны алдын ала туюп, президентикке талапкерлигин койгонун жар салды. Кылмыш иш козголо турган болсо, саясый туткун түрүн көрсөткөнгө жасаган аргасыздан болгон амалы. Койдун терисин жамынган “чөөнүн” амалкөй аракеттерине ишенбейлик. Тезинен, бутун байлап УКМКнын алдындагы сейилдеги бир багына илиш керек. Саясый кугуунтук жүргүзгөн үчүн туура жазасын алсын!” – деп жазды Турдукулов.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ