Нарын облусунун Ак-Талаа районуна караштуу Сары-Ой (Пионер) айылынын тургуну, 15-жаштагы Саадак уулу Азирет 16-ноябрдан бери изделүүдө. Бул маалыматты KyrgyzToday сайтына жоголгон баланын байкеси билдирди.
Ал 16-ноябрь күнү үйдөн чыгып кеткен бойдон, кайра кайрылып келген эмес. Маалыматтарга ылайык, ага чейин Азирет уулу Саадак мектепте өзүнөн бир жаш кичүү бала менен пикир келишпестикке барып, уруша кеткен. Кийин үйдөн чыгып кетип, кайсы жакка кеткенин жакындары байкабай калышкан.
Бою 152см, кийген кийими: боз түстөгү шым, боз футболка, ак спорт курткасы жана башына кара топу кийип кеткен. Азыркы учурда Саадакты туугандары, тааныштары издөөдө.
Эгерде Азирет уулу Саадак тууралуу маалымат болсо ,же бир жерден көрсөңүздөр, төмөндөгү номерге кабарлап коюңуздар.
(0708) 00-58-47 же (0707) 04-28-74.
Булак: KyrgyzToday
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ