Menu

ИИМ: Ички иштер органдары “Арсенал” ыкчам алдын алуу иш-чарасын жүргүзүштү

Бөлүшүү:

Шайлоонун алдында коомдук коопсуздукту камсыздоо, укуктук тартиптин бузулушун болтурбоо максатында ички иштер органдары “Арсенал” ыкчам алдын алуу иш-чарасын жүргүзүштү. Бул тууралуу бүгүн, 29-декабрда КР ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, аталган иш-чара КРнын ИИМдин  буйругуна ылайык укук бузууларды алдын алуу, мыйзамдуулукту жана тартипти бекемдөө, курал-жарактарды, ок-дарыларды мыйзамсыз сактоого байланышкан укук бузууларга бөгөт коюу максатында өткөрүлгөн.

Буйрукка ылайык, жеке жана юридикалык жактардын, анын ичинде күзөт агенттиктеринин тиешелүү документтери, сый белекке алган куралдардын, кызматтык, мергенчилик, травматикалык куралдардын ээлери жана аларды сактоо жайлары текшерилген.

Шайлоого даярдануу жана өткөрүү маалында бузууларды алдын алуу максатында республиканын бардык аймагында куралдарды алып жүрүүгө, сактоого, колдонууга уруксат берүүчү документтерди берүү убактылуу токтотулган.

Курал-жарактарды саткан дүкөндөрдүн ишмердүулүгүнө убактылуу чектөөлөр киргизилген.

Республиканын аймагы боюнча ыкчам алдын алуу иш-чарасынын  жүрүшүндө ок атуучу куралдардын, анын ичинде травматикалык куралдардын 6300 ээси, 120 обьект текшерилген.

Бузуулар фактылары аныкталгандыгы боюнча көрүлгөн чаралардын жыйынтыгы менен Бузуулар жөнүндө Кодексинин 84 жана 85-беренелерине ылайык 220 протокол түзүлгөн. 160дан ашык куралдын, 3800 ок-дарылардын сактоо эрежелерин бузулгандыгы аныкталган.

Жоруктар жөнүндө Кодексинин 143-беренеси “Мыйзамсыз аңчылык кылуу жана балык уулоо же суу жаныбарларын кармоо”  боюнча катталган  укук бузуулар фактылары дагы аныкталган. Региондордо курал-жарактарды мыйзамсыз сактоо дагы аныкталган.

КРнын Жазык Кодексинин 254-беренеси “Куралдарды мыйзамсыз даярдоо” жана 255-берене боюнча “Куралдарды этиятсыз сактоо” боюнча фактылар дагы катталган. 9 сайлуу ок атуучу курал, кесилген курал, граната, октор табылып алынган. Ок атуучу куралдарды өз ыктыярлары менен тапшыруу фактылары дагы катталган.

Ички иштер министрлиги ок атуучу куралдарды, ок-дарыларды, ага тете жардыргыч заттарды жана жардыргыч түзүлүштөрдү мыйзамсыз алуу, сатуу, сактоо, ташуу үчүн кылмыш жоопкерчилиги каралганын эскертет. Ок атуучу куралдарды өз ыктыярлары менен тапшыргандар кылмыш жоопкерчилигине тартылбайт.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 48 = 53

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: