Menu

ЖАМК: «Дамирбек Асылбек уулу №1 убактылуу кармоочу жайда болот»

Бөлүшүү:

Казакстандан Кыргызстанга алынып келинген мурунку депутат Дамирбек Асылбек уулу №1 убактылуу кармоочу жайда кармалат. Бул тууралуу бүгүн, 19-ноябрда Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Алардын айтымында, Дамирбек Асылбек уулу азырынча, убактылуу гана №1 убактылуу кармоочу жайда камакта кармалат. Жогорку сот кылмыш ишти кайрадан квалификациялагандан кийин түзөтүү мекемесине которулат.

Эске сала кетсек, 37 жаштагы Дамирбек Асылбек уулу 2015-жылы «Кыргызстан» партиясынын тизмеси менен Жогорку Кеңештин депутатты болуп шайланган. 2018-жылы экс-депутат менен кошо 11 киши Казакстандын түштүгүнөн атайын операция учурунда кармалган. «Трансулуттук уюшкан топ түзүп, кылмыш кылышкан, “Экономикалык контрабанда” менен алектенишкен» деген айыптын негизинде, үстүбүздөгү жылдын 24-апрелинде Асылбек Дамирбек уулу Алматы шаарынан 10 жылга кесилген. Кыргызстандын БШКсы анын депутаттык мандаттынан 16-апрелде ажыраткан.

Экс-депутаттын жарандыгы да талашты жараткан. Алгач Казакстан тарап; “Казакстандын жараны”,- деп айтып чыккан. Бул маселе боюнча Кыргызстандын Башкы прокуратурасынын эл аралык укуктук кызматташуу бөлүмүнүн жетекчиси Асылбек Акматов билдирүү тараткан. “Дамирбек Асылбек уулунун Казакстандын жарандыгы боюнча паспортун текшерүүдө жараксыз деп табылды. Бүгүнкү күндө ал биздин, Кыргызстандын жараны. Казакстандын шарты боюнча, алар адамдын башка жарандыгы бар экенин аныкташса, Казакстандын жарандыгы автоматтык түрдө алынат. Ал учурда Кыргызстандын жараны катары соттолуп жатат. Эгерде экс-депутат соттолуп кетсе, ал Кыргызстанга берилиши мүмкүн», – деген эле. Кыргызстандын жараны болгон үчүн Бишкекке алынып келинди окшойт…

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 93 − 92 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: