Menu

Мурдагы аялын жана анын кызын сабаган киши кармалганы менен камалган жок

Бөлүшүү:

Жалал-Абадда ажырашып кеткен киши мурдагы аялын жана анын 16 жаштагы кызын сабап салды. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясынын басма сөз кызматы журналисттерге билдирди.

Алардын маалыматына караганда, окуя Кара-Көл шаарында 7-январда болгон. Ажырашып кеткен киши мурдагы жубайына келип, кол көтөргөн. Апасына болушкан өспүрүм кызды да сабаган. Экөө тең ооруканага жеткирилип, кыз эртеси чыгып, апасы ооруканада калган. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Эне-кызды сабаган киши кармалаганы менен камакка алынган эмес. Экспертизанын жыйынтыгы менен анын баш коргоо чарасы каралат. Учурда тергөө иши жүрүүдө.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 29 + = 38

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: