Өлкөдө акыркы бир сутка ичинде коронавирус илдетинен дагы 13 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды. Бул тууралуу бүгүн, 11-майда өкмөттө өткөн онлайн-брифингде Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.
Оорудан айыккандар:
– Бишкек шаарынан – 11 адам;
– Нарын облусунан – 2 адам.
Учурда өлкөдө коронавирус илдетинен жалпы 688 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды.
Булак: «KyrgyzToday»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ