Menu

Талашка түшкөн жерден мародерлордун кулагы көрүнөбү?

Бөлүшүү:

Жети жыл мурун бийликтен кулап, өлкөдөн чыгып кеткен Бакиевдердин бул жакта калган мүлктөрү дагы деле талашка түшүп, ага ээлик кылып, кожоюн атка конгондо жогор жакта короздой болуп олтуруп, кыргыздын тагдырын чечип, ак кызмат кылам, колумду булгабайм дегендер болуп жатканы бүтүндөй элди иренжитип жатпайбы. Жети жыл мурун апрелде болгон мародерчулукка кимдер аралашып, дүнүйөгө маарып жүргөнү тууралуу документ менен ырасталбаса да, коомчулук арасында эбак баа берилген. Кечээтен бери  борбор калаанын так ортосунда жайгашкан Скрябин көчөсүндөгү 1,28 га жерди Максим Бакиевге таандык, аны Сарпашев “кызыл кекиртегин” ойлоп, Максимдин жакындарына каттатып берип койгон деген маселе катуу талкууга алына баштады. Жер кимдики, Максимдики болсо кантип ээ болуп алган? Сарпашев канча тыйын алып каттап берди? Сот менен прокуратура аралашканбы? Бул суроолор көп жоопту талап кылат. Бүгүн төңкөрүштөн бери ал жерди ким иштетип келген, түшкөн тыйындар кимдин капчыгын калыңдатып жатат деген маселе биринчи орунга чыгышы керек. Эл арасында  “Ата-Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин жакын адамы болгон, бир кезде өзүнүн жердеш иниси Өмүрбек Бабановго ок жөнөткөн адамдын иниси иштетип келгени айтылып жүрөт. Бул сөздөр ачыкталып, чыныгы мародер ким экени далилденеби? Эгер далилденип калса элдин көзүнчө чөнтөккө салган эки октун бири атылабы? Чыныгы эр, шер болуп айткан сөзгө турабы? Сарпашев бул саясий оюндагы эки дөөнүн ортосундагы кара чымын болуп жатканы тогуздагы бала менен токсонго чыккан чалга деле түшүнүктүү болуп жатат да. Сарпашевди бир мүнөт кызматта кармабаш керек деген маселени көтөрүп жаткан Өмүрбек Бабановдун көздөгөнү Сарпашев эмес. Тайыр кызматта турабы, турбайбы Бабановдун кылы кыйшайбайт. Ал Сарпашевди шылтоолоп, жердин артында ким тураарын элге жарыя кылгысы келип, өзүнө жөнөтүлгөн окту кайра салам дубай менен узаткысы келип, эски эсепти теңдеп коёюн деп жатышы мүмкүн.  Максимдин жерине үй салды деп “Ата-Мекен” президентти күнөөлөп жатып калды эле, Скрябиндеги гектардан ашык жерди мыйзамсыз иштетип келгендер “Ата-Мекенчилердин” жакындары болуп чыгып калса эмне деген жооп болот, ыя?

Булак: “Жаңы ордо”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 52 − = 42

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: