Menu

Орусия Мамдумасынын эң бай депутаты өзүн банкрот деп таанууну өтүнүүдө

Бөлүшүү:

Мамлекеттик Думанын «Бирдиктүү Орусия» фракциясынан депутат Андрей Палкин салык төлөө мөөнөтүн жылдыруу үчүн соттон аны банкрот деп таанууну өтүнүүдө. Ал кирешесинин көптүгү боюнча депутаттардын арасында биринчи орунда турат.

Палкин депутаттык мандат алганга чейин ишкердик ишмердүүлүгүн токтотуп, активдеринен арылуусу керек болгонун билдирди. Айтымында, ал бөлүп төлөө шарты менен мүлкүн уулуна сатып, жыйынтыгында айрым салыктарды төлөй албай калган. Учурда депутат мамлекетке 62 миллион рубль карыз жана киреше салыгын бөлүп төлөөгө уруксат алуу үчүн өзүн банкрот деп жарыялоого аргасыз.

ММКлар Палкинди Мамдуманын «эң көп акча тапкан» депутаты деп атап жүрүшөт – ал 2015-жылы декларация толтурганда бир жарым миллиард рубль киреше тапканын көрсөткөн.

 Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 65 = 73

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: