Бүгүн, 20-ноябрда Айыл чарба министри Тилек Токтогазиев малды экспорттоого тыюу салуу боюнча чечимин түшүндүрдү.
“Малды экспорттоого тыюу салуунун негизги себептеринин бири асыл тукумдун кескин азайышы. Эгерде тыюу салынбаса, анда бизде эт менен байланыштуу көйгөйлөр быйыл дагы, кийинки жылдары дагы болот. Малдын асыл тукумун сактоо мал чарбачылыгын өнүктүрүү үчүн стратегиялык маанилүү милдет болуп саналат. Жасалма жол менен уруктандыруунун жардамы менен биз эт жана сүт өндүрүүнү көбөйтүүнү көздөп жатабыз.
Бул үчүн биз КР Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин алдындагы “Элита” айыл чарба жаныбарларын жасалма жол менен уруктандыруу боюнча республикалык асыл тукум станциясына экинчи мүмкүнчүлүк берүүнү пландап жатабыз “, – деп жазган ал социалдык тармактардагы баракчасына.
Ал этти экспорттоого бөгөт коюлганбагандыгын. бул чектөө тирүүлөй малга гана тиешелүү экенин эскертти.
Белгилей кетсек, 19-ноябрда Айыл чарба министрлиги айыл чарба продукцияларынын айрым түрлөрүн экспорттоого тыюу салуу боюнча сунушту демилгелегени белгилүү болду. Тизмеде: жылкылар, бодо мал, эчки жана кой, куш, буудай, арпа, жүгөрү, күрүч буудай уну, өсүмдүк майы, шекер, жумуртка, йоддолгон туз, жем (чөп, саман, дан эгиндери) бар.
Тиешелүү буйрукка премьер-министрдин м.а. Артем Новиков кол койгондон кийин күчүнө кирет.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ