Депутат Карамат Орозова (КСДП) президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытовго жана Башкы прокурорго Ички иштер министрлигинин мурунку жетекчиси Кашкар Жунушалиевди жана УКМКнын мурунку жетекчиси Орозбек Опумбаевди табуу өтүнүчү менен кайрылды.
“Эмне үчүн алар дагы деле табыла элек, жана кылмыш иши козголо элек? 5-6-октябрда алар кызмат ордун калтырып, качып кетишкен. Алар жооп бериши керек”, – деди ал.
Ошондой эле, Орозова Кой-Таштагы окуялар боюнча сот отурумуна дагы токтолду. «Алмазбек Атамбаевдин күнөөсү азырынча аныктала элек. Эгер алар далилдей албаса, анда ал камактан бошотулсун. Курал колдонулган окуялар үчүн эч ким жооптуу болгон жок. Аксы окуясынын күнөөкөрлөрү дагы деле болсо жазалана элек, Кой-Таш окуясында дагы. 5-6-октябрь күндөрү калкка каршы курал колдонулган. Эгер алар жазалабаса, анда тергөөчүлөр жооп берсин, анткени бардыгы оозеки көрсөтмө менен иш алып барышкан», – деди ал.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ