Menu

Токтобүбү Черикчиева: “Азыр өзүмдү жалгыз сезбейм”

Бөлүшүү:

Учурда “Ак таңдардан тосоюнчу”, “Оромол”, “Барайынбы?”, “Кошуңуз агай, кошуңуз” деген жаңы ырлары менен радиолордо мукам үнү  жаңырып жаткан Токтобүбү Черикчиева 21-22-октябрда Улуттук филармонияда  күйөрмандарына концерт тартууламакчы. Ырчы манен учкай маек назарыңыздарда. 

 Токтобүбү эже, концертти жыл сайын бересизби?

Ооба. Бул жолкусунда жакын досторум, чогуу иштешкен эжей-агайларым концертимдин көркүнө көрк кошушат. Мен чынында бактылуу ырчы экенмин. Башкалар Эстебес Турсуналиев, Асанкан Жумакматов, Ашыраалы Айталиев, Тууганбай Абдиев, Мыктыбек Үмөталиев, Самара Токтакунова өңдүү залкарлардын жанына жолой албай жүрүшсө, мен чогуу иштештим. Самара эженин кызындай эле болуп калгам. Андыктан комуздун, эстраданын коштоосунда ыр майрам тартуулайм. Учурда даярдык көрүп тызылдап чуркап жүрөм. Менде башкалардай продюсер жок. Болсо деле ал мен айткан жакка бармак да… Буюрса эки жылдан бери чыгармачылык жактан жемиштүү болуп атат. Бир канча ыр жаздырып, алар радио-сынактарда алдыңкы саптарда келатат.

Көп жыл иштеп келген филармонияда иштебей калуу убагында оор тийсе керек?..

15 жашымдан иштеп экинчи уям болуп калган филармониядан 2010-жылы кеткенге туура келди. Себеби көп. Аны азыр айтуунун кажети деле жок калды. Азыр Мэриянын алдындагы оркестрде жана Аскер институтунда иштейм. Кудайга шүгүр, ишим бар. Чыгармачылыгым жүрүшүп жатат. Балдарым кашымда. Бир гана мурункудай апам жок жанымда. Эртерээк небере жыттагым келип, уулумду “үйлөн” деп жанын койбой жатам.

Апаңыз баккан баягы кичинекей уулуңуз үйлөнө турган куракка келип калдыбы?

22ге чыкты. ЖОЖду бүтүп, ишке киргени жатат. Кызым 8-класс болду. Билинбей ушинтип биз деле небере күткөн куракка келиптирбиз.

Апаңыздын күмбөзүн айылга эмес, шаарга тургузганыңыздын себеби неде? 2014-10-08_12-26-32_323634_w

Мен апамдын жапжалгыз кызы болдум. Күмбөзгө кам көрүп, айлана-тегерегин карап, барып куран түшүрүп туруу үчүн туугандар менен кеңешип бул жакка койдургам.

Атаңыздыкы айылдабы?

Ооба. Айылга барган сайын куран түшүрөм. Учурунда айылдагы үйдү сатып апам жаныма биротоло келген. Ошентсе да мен айылга барган сайын тосуп алчу туугандарым көп. Барганда биринчи атамдын туугандарына кирип калсам, тайларым таарынат, тайларыма кирип калсам, атамдын туугандары таарынат. Барган сайын талашка түшөм (күлүп).

Туугандарыңыз көп болгону менен жалгыз кыз экениңизди сезген учурлар болобу?

Биздин үй-бүлөнүн тарыхы өзгөчө. Атам менен апам бири-бирин жактырып үйлөнүшкөн. Беш балалуу болуп бешөө тең чарчай бергенде экөө ажырашып кетишет. Атам башка бүлө күтүп, ал никеден бир уул, эки кыздуу болушат. Бирок ал аялдан ажырышып атам кайра менин апама келет. Апам ал учурда  турмушка чыкпай, жалгыз бой жүргөн болот. Ошондо мен төрөлүпмүн. Коркуп калган ата-энем “наристе токтосун” деп атымды Токтобүбү аташат. Бирок тагдыр ата-энемди түбүлүк бирге кылбай, мен 3 жаштан өткөндө ажырашып кетишет. Ошентип балалыгымды апам менен жалгыз өткөрдүм. Кийин аталаш эжелеримди таап, катышып алдым. Бирөө Кантта, бирөө Бишкекте турушат. Азыр өзүмдү жалгыз сезбей калдым.

Бугуңузду кантип чыгарасыз?

Мен өзүм комузчумун, ичимдеги ой-толгоо, муң-кайгы, өксүк-кусалыгымды бир гана күү аркылуу чыгара алам. Ыр да чиймелеп коем. Бирок аларга обон чыкпай, үйдө эле жатат.

Үнүңүзгө кам көрөсүзбү?

Менин үнүм мурда кандай болсо, азыр деле ошондой. Өзгөрүп кеткен жок. Семичке чага берем, муздак иче берем. Баарына көндүрүп койгом (күлүп). Вокалдан берген агайым Сапар Исмаиловго кандайдыр бир маанилүү иш-чаралардын алдында ырдаарда же азыркыдай жеке концерт коердун алдында барып үнүмдү ачып турам. Ал “сенин үнүң жаратылыштан берилген. Сенде баары жакшы, анда-санда мурунга салып ийип атасың” деп оңдоп коет.

Рахмат, алдыдагы жеке концертиңизди ийгилик коштосун.

 Айке Аданбекова

Булак: Де-Факто 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 55 + = 64

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: