“Мен чек аранын ортосунда жашайм, Өзбекстандын чек арасы 500 метр алыс жакта жайгашкан. Биздин үйдүн артынан коңшу өлкөнүн чек арачылары келип казык кагып жатышат. Кыргызстандын пайдасына эмес, Өзбекстандын пайдасына чечилип жатат. Өзбекстандын курал көтөргөн чек арачыларынан коркуп отурабыз. Чек ара маселесин мурдагы бийлик чече албаса, азыр Садыр Нургожоевичтен, Камчыбек Кыдыршаевичтен келип чек ара маселесин оң тарапка чечип берүүнү суранабыз” – деди Аксы районунун жергиликтүү тургуну.
Дагы бир жергиликтүү тургун УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге кайрылып, кыргыз-өзбек чек ара маселесин жерине келип чечип берүүнү суранды.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ