Баткен облусунун Кадамжай районундагы Марказ айыл өкмөтүнүн Көк-Талаа айылында жалгыз бой эненин жаңы үйү күйүп кетти. Бул тууралуу маалыматты айыл өкмөттүн башчысы Ислам Исмаилов тастыктады.
Анын айтымында, аял кызын жалгыз тарбиялап келет. Ал көп жылдар бою Россияда иштеген. Анын жолдошу бир нече жыл мурун каза болгон.
«Беш бөлмөлүү имаратта эч ким жашаган эмес. Бул жаңы эле. Тилекке каршы, аял үйүнөн айрылды. Ал дүкөндө аны ижарага алып иштеген. Биз ага жардам берип жатабыз», – деди ал.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ