Буга чейин интернетте биз жөнүндө ар кандай каралап жазгандарга унчукпай келгем. Мындан кийин карап тура албайм. Кечирим сурабаса, сотко берем. Мындай пикирин бүгүн, 9-декабрда ырчы Нурлан Насип Инстаграм баракчасында билдирди.
“Буга чейин интернетте биз жөнүндө ар кандай каралап жазгандарга унчукпай келгем. Мындан кийин карап тура албайм. Такталбаган маалыматтарды чыгарып биздин моралдык укугубузду тебелегени үчүн, жакшылыкча өчүрүп бизден кечирим сурабаса сотко берем, жооп бересиңер.
Ютубка эптеп көрүү чогултуш үчүн ар кайсыны жазып биздин атыбыздан акча таппай эле койгулачы сураныч. Биздин үй бүлөөбүз силерге оюнчукбу“, – деп билдирүү жазды Нурлан Насип.
Ютуб каналдардын бири төмөндөгүдөй темаларды коюшкан:
Асель Кадырбекова: “Кайнатам үйдөн кууп чыкты”
Асел Кадырбекованы кайнатасы кууп чыкты, чачы жок парик тагып жүрөт.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ